Нарын районуна караштуу Өмүр Токтосунов атындагы орто мектебинин ашканасында оңдоп-түзөө иштери жүрүп жатат.
Ремонт иштери «Капиталдык салымдар» бөлүмү тарабынан каржыланууда. Мектеп директору Н.Кадырованын айтымында: «Мектептин ашканасынын жумушу башталганына 2 айдай болуп калды. Ашкананын полу чөгүп, стеналары жарылып жараксыз абалга келгенине көп жыл болгон. Быйылкы окуу жылында «Капиталдык салымдар» бөлүмүнө долбоор жазып , ашкана толук капиталдык ремонттон өтүп жатат. Долбоордун жалпы суммасы:2 млн 900 миң сомду түзөт»

Ремонт учуру

Ремонт учуру

Оңдоп-түзөө иштери

Ремонт иштери январь айынын аягы менен толук бүткөрүлүп ишке берилет деп күтүлүүдө.
Индира Мөндүрбаева