Dobolu

Дөбөлү айылынын Өмүр Токтосунов атындагы орто мектебинде медициналык кабинет ачылды

25 Ноябрь 2024 жыл 17:40
Көрүүлөрдүн саны: 12

Нарын районуна караштуу Дөбөлү айылынын Өмүр Токтосунов атындагы орто мектебинде медициналык кабинет ачылып, 0,5 ставкада   мед айым жумушка алынып, окуучулардын ден соолугу көзөмөлгө алынууда.

Атайын кабинет ачылгандыгына байланыштуу кант  диабети же талма оорусу бар, ден соолугунан көйгөйү бар  окуучуларга дары ичип же укол алууга шарт  түзүлдү.  Анын негизинде окуучуларга жуманын биринчи күнү дайыма «Тазалык күнү » деп аталып окуучулардын тазалыгы текшерилип, көзөмөлдөнүп , ар кандай жугуштуу ооруларды алдын алуу максатында түшүндүрүү иштери жүргүзүлүүдө.

Мектептин мед айымы Осмонова Саткын

Долбоор аркылуу келген жабдыктар

Окуучулардын тазалыгын текшерүү учуру

Мед айым Осмонова Саткын

Бул долбоор боюнча  Ага Хан  фондунун  «Ден соолуктун негиздери, мүмкүнчүлүктөрү жана укуктары» долбоорунун фасилитатору Нурлан Абдыразаковдон маек алдык:

MSDSP KG  коомдук фонду «Ден соолуктун негиздери жана мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүү» программасын ишке ашырып келүүдө.Бул долбоор Нарын облусунун Нарын шаарынын, Ат Башы, Ак Талаа, Нарын райондорунда жана Ош облусунун райондорунда иш алып барууда.

Долбоордун негизги багыттары:

-Эненин жана баланын  саламаттыгын сактоо боюнча кызмат көрсөтүүлөрдү жана өспүрүмдөрдүн  ден соолугун жана бакубаттуулугун  жакшыртуу үчүн саламаттык системасын чыңдоо;

-Аялдар уюмдарына , жогорку билим берүү боюнча өнөктөштүккө жана гендердик теңчилик боюнча программаларга өзгөчө көңүл буруу менен долбоордук аймактарда жарандые коомду чыңдоо аркылуу гендердик теңчиликке илгерилетүү;

«Ден соолуктун негиздери , укуктарды жана мүмкүнчүлүктөрдү кеңейтүү» программасын ишке ашыруу үчүн КР Саламаттык сактоо министрлиги жана жергиликтүү бийлик органдары менен тыгыз байланышта иштеп келет. Буга далил, Нарын районунун пилоттук мектептердеги  (А.Аралбаев, А.Жутакеев, Түгөл уулу Усупбек, Актан Тыныбек, Ө.Токтосунов, Керимбай уулу Сарыбай) түзүлгөн мектептеги ден соолук комитеттердин ишин жакшыртуу боюнча долбоордун алкагында иш аракеттер  жүрүп келүүдө.

Алсак, долбоордун пилоттук мектептеринде  окуучуларга жылда өткөрүлчү медициналык кароону сапаттуу уюштуруу максатында медициналык  кабинеттер түзүлүп, жабдуулар (ростомер, электрондук тараза, кушетка, ширма медициналык, стол, стул) менен жабдылган.  Ошондой эле долбоордун алкагында ата-энелер үчүн «Үй-бүлөдөгү өспүрүмдөр тууралуу» колдонмо, 6-11-класстардын окуучулары үчүн сергек жашоо мүнөзү боюнча жумушчу дептерлер, , мектептердеги медициналык кызматкерлер үчүн усулдук колдонмо иштелип чыккан жана пилоттук мектептерге  таркатылып берилген. Бүгүнкү күндө мектеп ден соолук комитетинин мүчөлөрүнө  атайын эки күндүк тренинг өткөрүлдү.

Тренингдин соңунда

Ден соолук комитетине мүчөлөрү

Тренинг учуру

Тренинг учуру

Тренингдин максаты: МДКнын өспүрүмдөрдүн ден соолугуна жана бакубаттуулугуна зыяндуу жүрүм-турумду, адаттарды өзгөртүү боюнча иш чараларды уюштуруу жана өткөрүү потенциалын күчөтүү, окуучулардын, ата-энелердин жана мугалимдердин сергек жашоо мүнөзүнүн маанилүүлүгү жөнүндө маалымдуулугун жогорулатуу болду.

Ө.Токтосунов мектебине да долбоор аркылуу мед. кабинет ачылып, окуучулар үчүн жакшы шарттар түзүлүүдө. Бул долбоор менен ар бир мектептин ден соолук комитетинин мүчөлөрү окутулуп, билимдери жогорулатылып турмакчы.

 

Алия Алымкулова