Нарын районуна караштуу Дөбөлү айылынын борбордук көчөсүнө 200 ватт кубаттуулуктагы жарык диоддуу чырактар орнотулду.
Дөбөлү айыл өкмөтүнүн 2025- жылдын бюджетинин эсебинен, Дөбөлү айылынын борбордук көчөсүн жарыктандыруу (жаңылоо) үчүн 200000 ( эки жүз миң) сом акча каражаты бөлүнгөн. Айылга жалпы 42 көчө жарыгы алынып келип, 36 көчө жарыгы орнотулду.
Дөбөлү айылынын айыл башчысы Уланбек уулу Жолдошбектин айтымында: Айылга көчө жарыгы орнотулуп, айылдын инфраструктурасы эле жакшыртылбастан, айыл тургундары үчүн да коопсуздук жана ыңгайлуулук арттырып жатканын белгиледи.
Алия Алымкулова