Dobolu

Дөбөлү айылындагы Өмүр Токтосунов атындагы орто мектебинин чатырчасы толугу менен жаңыртылды

27 Февраль 2025 жыл 20:12
Көрүүлөрдүн саны: 16

Нарын районуна караштуу Өмүр Токтосунов атындагы орто мектебинин чатырчасы быйылкы 2024-2025-окуу жылында толугу менен алмаштырылып, жаңыртылды.

Буга чейин мектептин чатырчасынын жаан жааган учурда  тамчы тамгандыгы үчүн дубалдарга сарыгып, андагы шыбактарды түшүрүп,  окуучулар жана  анда иштеген мугалимдер үчүн да ыңгайсыздык, көйгөй жаратчу. Ал эми азыркы учурда мектептин үстү, чатырчасы алмашылып  тамчы тамбай, жалпы  мектеп жамааты үчүн  толук шарт, ыңгайлуулук  түзүлүп жатат.

Чатырчасы алмашканга чейинки учур

Мурунку чатырчанын абалы

Мектептин чатырчасы мектеп директору Н.Кадырова тарабынан долбоор жазылып, мамлекеттик капиталдык салымдар бөлүмү тарабынан  колдоого алынып, жалпы 11309100  (Он бир миллион үч жүз тогуз миң бир жүз ) сом наркында , ОсОО «Бек-Таш Курулуш»  компаниясы тарабынан жасалган.

Ишке ашкан долбоор боюнча  мектеп директору Н.Кадыровадан маек алдык:

«Мектептин чатырчасы жогорку деңгээлде сапаттуу жасалды. Ремонт иштеринин жүрүшүнө жана сапатына  зарыл болгон курулуш материалдарынын сатып алуу мониторинг жана баалоо боюнча атайын түзүлгөн топтун мүчөлөрү көз салып турдук. Демилге ийгиликтүү ишке ашып,  класстык бөлмөлөрдөн, кабинеттерден тамчы акпай, жылуу болуп калды. Буга мекеп окуучулары гана эмес, жалпы айыл эли да сүйүндү. Көп жылдардан бери көңүлдү оорутуп келген мектеп имаратынын чатырчасынын курулушу сапаттуу ишке ашып,  жаркырай эле түштү.

«Бек-Таш Курулуш» ОсООнун  директору Бекташов Илимбай Тойгонбаевичке  сапаттуу курулуш иши үчүн жалпы мектеп жамаатынын атынан  терең ыраазычылык билдиребиз»

Оңдоп түзөө учуру

Оңдоп түзөө учуру

Чатырча жабылган учур

Оңдоп түзөө учуру

Мектептин чатырчасы жабылган учуру

 

И. Мөндүрбаева