Дөбөлү айылында айыл башчы Жолдошбек Жумалиевдин демилгеси менен айыл тургундарын уюштурулуп, жазгы сугат иштерин жакшыртуу максатында арык тазалоо иштери жүргүзүлдү.
Мында Төө жайлоо каналынын 1,5 км аралыктагы аймагы элдин күчү менен тазаланды.
Арыкты тазалоо менен сугат учурунда суу жакшы келип, айыл элине ыңгайлуулук түзүлмөкчү.

Арык тазалоо иштери

А.Алымкулова