Бүгүн 2024-жылдын 20-декабрында Нарын районуна караштуу Дөбөлү айылындагы «Небере келечеги» атындагы бала бакчасынын алдында “Келечек үчүн билим” долбоору аркылуу 3 сааттык бала бакчанын имараты оңдоп түзөөлөрдөн өтүп, балдарды имаратта кабыл алып, иштеп башташты.
Ачылыш аземине райондук билим берүү бөлүмүнүн башчысы Исакова Гүлбарчын Бейманжановна, Дөбөлү айыл өкмөтүнүн жооптуу катчысы Ж. Касымова , жергиликтүү кеңештин депутаттары жана ата-энелер катышты.
«Небере келечеги» бала бакчасынын жетекчиси К.Малаевадан маек алдык:
Бизде 3 сааттык кыска мооноттуу тайпа мурун эле бар болчу жана бул имаратка ошол эле группа келип окуйт . Биздин Дөбөлү айылында мүмкүнчүлүгү чектелген балдар бар. Ошол себептен убагы келгенде бул имаратка өрөөндөгү мүмкүнчүлүгү чектелген балдарга, атайын борбор ачылса деп максат коюп жатам. Бул максатты ишке ашыруу үчүн спонсорлорду издеп жатам. Арасынан колдоо көрсөтүп , керектүү жабдууларды алып берүүгө даяр спонсорлорубуз да бар.
Айта кетсек бул долбоорду Кыргыз Республикасынын Билим жана илим министрлигинин алдында Дүйнөлүк банк тарабынан каржыланган “Келечек үчүн билим ”долбоору ишке ашырып жатат. Долбоордун негизинде жаңыдан түзүлгөн ар бир бала бакчага эмерек, оюнчуктар, окуу үчүн жабдуулар, материалдар берилди жана ачык абадагы оюн аянтчалары орнотулду.
Долбоордун максаты: мектепке чейинки билим берүү программаларынын жеткиликтүүлүгүн камсыздоо максатында өлкө боюнча 500 жаңы кыска мөөнөттүү бала бакчаларды 3-5 жаш курактагы балдарды камтуу менен ачуу.
И. Мөндүрбаева