Dobolu

Дөбөлү айылынан 10 окуучу эл аралык сынакка катышып келишти

17 Январь 2024 жыл 15:40
Көрүүлөрдүн саны: 192

Нарын районуна караштуу Өмүр Токтосунов атындагы орто мектебинен 10 окуучу, Бишкек шаарында өткөрүлгөн менталдык арифметика боюнча эл аралык олимпиадага катышып келишти.

Эрмек Малабекова жетектеген «Менталдык арифметика» ийримине катышкан 10 окуучу, 4-5-январь күндөрү Казакстан республикасы тарабынан Бишкек шаарында уюштурулган «General FOC Kazakhstan» менталдык арифметика боюнча олимпиадага катышып келишти. Бул олимпиадага Өзбекстан, Казакстан, Кыргызстандан жалпы 88 бала катышып, олимпиада эки форматта, эки жаш куракта өткөрүлдү. Экрандык форматта 88 бала, жазма форматта 30 бала катышкан. Экрандык форматта катышып алдыңкы орундарга 10 окуучу ээ болгон.

Жеңүүчүлөр:

Менталдык арифметика

-Ырыскулова Аяна 1-орун;
-Кудайбергенова Малика 1-орун;
-Мусабекова Амина 1-орун;
-Нуралиев Нурислам 2-орун;
-Курманбаева Айпери 3-орун;
-Асыбакунова Курманжан 3-орун;
-Букарбаева Акмаанай 3-орун;
-Искакова Фатима 3-орун;
-Жолдошбеков Баатырбек 3-орун;
-Рахатова Азия 3-орун;

Олимпиада

Индира Мөндүрбаева