Dobolu

Дөбөлү айыл өкмөтүндө жазгы талаа иштерине даярдык көрүлүүдө

22 Апрель 2025 жыл 20:25
Көрүүлөрдүн саны: 75

Дөбөлү айыл өкмөтүндө жазгы талаа жумуштарына даярдык көрүү иш-чарасы болуп өттү

Бүгүн, Дөбөлү айыл өкмөтүндө жазгы айдап-себүү иштери башталаарына байланыштуу атайын техникалык кароо уюштурулуп, ар айылдан келген тракторлор тизилип, абалы текшерилди. Иш-чара Кеңеш айылынан башталып, Эки-Нарын айылында жыйынтыкталды.

 

Бул иш-чарага айыл өкмөт башчысы, ар бир айылдын айыл башчылары жана трактористтер активдүү катышып, техникалардын жазгы талаа иштерине даярдыгы каралды. Мындай демилге – дыйкандардын өз учурунда жана үзүрлүү эмгек кылуусуна өбөлгө түзөрү белгиленди.

Эрбол Сагынов