Dobolu

Дөбөлү айыл өкмөтүндө жаз айында ички чарбалык иштер жүргүзүлүүдө

24 Апрель 2024 жыл 20:27
Көрүүлөрдүн саны: 107

Дөбөлү айыл өкмөтүнүн алдындагы түзүлгөн Ак-Бел муниципалдык ишканасы тарабынан ички чарбалык каналдарды тазалоо, жазгы айдап-себүү, жайыттарга барчу жолдорду, көпүрөлөрдү ондоо сыяктуу жана башка чарбалык жумуштарда бир топ жумуштар жүргүзүлүүдө.

 

Дөбөлү айыл аймагына караштуу 8 ички чарбалык каналда кызуу иштер жүрүүдө. Бул үчүн Нарын районунун Өнүктүрүү фондунан 3,5 миллион сом каражат бөлүнүп берилген. Мындан сырткары айыл өкмөтүнөн өздүк салым катары 400 миң сом бөлүнгөн. Жалпы узундугу 55 чакырымды түзгөн 8 каналды тазалоо менен Дөбөлү айыл өкмөтүнө караштуу 2666 гектар айдоо аянтына сугат суу берүү системалары жакшыртылаары белгиленди.

Нарын районунун акими Мадимаров Нуридин Султанович (оң тарапта), Дөбөлү айыл өкмөтүнүн башчысы Кудайбергенов Камчыбек Кадыркулович (сол тарапта) жана башка кызматкерлер

 

Жайна Келдибек кызы