Dobolu

ДӨБӨЛҮ АЙЫЛ ӨКМӨТҮНДӨ КАРЫЛАР КҮНҮ САЛТАНАТТУУ БЕЛГИЛЕНДИ

1 Октябрь 2024 жыл 21:09
Көрүүлөрдүн саны: 12

“1-октябрь–Улгайган адамдардын күнүнө” карата Дөбөлү айыл өкмөтүндө  иш- чара өткөрүлдү.

Нарын райондук мамлекеттик администрациясынын резервдик фондунан акча каражаты бөлүнүп, улгайган адамдарга материалдык жардамдар берилди.

 

1- октябрда Дөбөлү айыл өкмөтүнүн башчысы К.Кудайбергенов жана аппарат кызматкерлери тарабынан уюштурулган “1-октябрь–Улгайган адамдардын күнүнө” карата салтанаттуу иш-чара болуп өттү.

Дөбөлү айыл өкмөтүнүн башчысы Кудайбергенов Камчыбек Кадыркулович

Иш-чарага Нарын районунун акими Мадимаров Нуридин Султанович катышып, Дөбөлү айыл аймагынын бардык айылдарынан келген кары адамдарды куттуктады.

Аким Мадимаров Нуридин Султанович

Нарын районунда 70-80 жашка чейин 1044, 80-90 жашка чейин 571, 90-100 жашка 68 адам, ал эми 100 жаштан ашкан 4 карыбыз дөөлөттү карылыкта өмүр сүрүүдө.

Майрам учуру

Дөбөлү айыл өкмөтүнүн маданият бөлүмүнүн башчысы Назарова Гулгаакы

Белгилей кетсек ушундай эле иш-чаралар районубуздун бардык айыл аймактарында 15-октябрга чейин белгиленери айтылды.

 

И.Мондүрбаева