Дөбөлү айыл өкмөтүндө Алыш айылында «Түшүм майрамына» карата көк бөрү оюну боюнча өрөөндүк турнир өткөрүлдү.
Турнир Дөбөлү айыл өкмөтүнүн демилгеси менен өткөрүлдү . Байге фонду 50000 сомду түздү.
Улак тартыш илгертен бери чоң салтанаттарда, майрамдарда, аш тойлордо өткөрүлгөн. Анын ичинен көчмөн кыргыз элинин көк бөрү оюнун ата- бабаларыбыз илгертен ойноп, аздектеп, муундан муунга өткөрүп келген. «Түшүм майрамына» карата 15- ноябрь күнү Алыш айылында көк бөрү оюну көргөзүлүп, мелдеш жогорку деңгээлде өтүп , көк бөрүчүлөр күйөрмандардын бүйүрүн кызытты.
Жыйынтыгында мыктылар мыктылыгын көргөзүштү.
Көк бөрү оюнуна катышкан «Эки Нарын», «Таш Башат», «Кайыңды «, «Дөбөлү» командалары катышышты.
1- орун- «Эки Нарын» командасы — 8000 сом
2- орун-«Таш Башат» командасы-6000 сом
3- орун- «Кайыңды» командасы- 4000 сом
4- орун- «Дөбөлү» командасы 2000 сом
Андан сырткары «Мыкты оюнчу» , «Мыкты жекеме жекечи ат» номинациялары менен дагы команда мүчөлөрү сыйланышты.
Индира Мөндүрбаева