Дөбөлү айыл өкмөтүндө аймактагы энелерди урматтап, «Эне — үйдүн куту» аттуу салтанаттуу иш-чара өткөрүлдү.
Иш-чарага Нарын шаарынын жана Дөбөлү айыл өкмөтүнүн маданият кызматкерлери катышып, жогорку деңгээлде уюштурулду. Энелерге арналган майрамдык концерттик программа тартууланып, чакан белектер тапшырылды.

Дөбөлү айыл өкмөтүнүн энелерди куттуктоо учуру

Энелерге белектерди тапшыруу учуру

Белек берүү учуру

» Нарын шаңы» апалар тобу

Иш чарага келген апалар

Белек тапшыруу учуру

Концерттик номерлер

Кыска тамаша көрсөтүү учуру

Апалар

Дөбөлү айыл өкмөтүнүн маданият кызматкери Г. Назарова бул иш чара энелерге болгон терең урмат- сыйдын жана ыраазычылыктын белгиси катары уюштурулгандыгын айтты:
» Кыргызда » Бейиш эненин таман астында» деген сөз бар эмеспи. Анысыңарындай энелерди барктап , аларга сый көрсөтүү баарыбыздын милдетибиз деп эсептейм. Энелер күнүнө карата иш чара жылына эле өтүлүп келет. Быйыл да бул иш чара 23- майда уюштурулду. Бул иш чарага Дөбөлү айыл өкмөтүнүн Таш Башат, Кайыңды, Дөбөлү, Алыш , Кеңеш айылдарынан энелер келип катышты. Иш чарага Нарын шаарынын «Нарын шаңы» энелер тобу, Дөбөлү айыл өкмөтүнүн маданият кызматкерлери менен чогуу концерттик иш чара тартууладык. Иш чара келген апаларга жакшы маанай тартууланды. Энелерибиз ыраазы болуп кетишти.»
Ошондой эле энелерге » Нарын шаңы» энелер тобу тарабынан да сыйлыктар тапшырылды.
И.Мөндүрбаева