Нарын районуна караштуу Дөбөлү айыл өкмөтүнүн Өмүр Токтосунов атындагы орто мектебинин алыстан келип окуган окуучулары үчүн автоунаа келди.
Дөбөлү айыл өкмөтүндө билим берүү тармагын өнүктүрүүгө багытталган маанилүү долбоор ишке ашты. Өмүр Токтосунов орто мектебинин алыстан келип окуган окуучулары үчүн автоунаа менен камсыздоо долбоору, Нарын райондук өнүктүрүү фондусу тарабынан жактырылып, ийгиликтүү ишке ашырылды.

Мектептин айдоочусу Жаналиев Таалай

Окуучуларды үйлөрүнө жеткирүү учуру

Мектепке алынып келинген автоунаа

Мектепке келген учуру

Дөбөлү айыл өкмөтүнүн кызматкерлери , мектеп жамааты

Бул долбоордун ийгиликтүү ишке ашуусунда мектептин жамаатынын, айрыкча Өмүр Токтосунов орто мектебинин директорунун салымы чоң. Жалпы долбоордун наркы 1 200 000 сомду түзүп, анын алкагында 1 177 711 сомго өткөрүлгөн тендерде «Темир Мык Курулуш» жоопкерчилиги чектелген коому жеңүүчү деп табылды. Компания автоунааны өз убагында жеткирүү менен долбоорду ийгиликтүү аяктады.
Бул иш-чара окуучулардын билимге жеткиликтүүлүгүн жакшыртып, алардын коопсуз жана ыңгайлуу шартта билим алуусуна чоң салымын кошот.