Нарын районуна караштуу Дөбөлү айыл өкмөтүнө мамлекеттин колдоосунун негизинде президенттик фонддун эсебинен акча бөлүнүп заманбап жүк жүктөгүч жана “Хово” үлгүсүндөгү атайын автоунаалар алынып келинди.

Бул техникалар айыл өкмөтүнүн алдындагы “Ак-Бел” муниципалдык ишканасына оперативдик башкарууга өткөрүлүп берилди.
«Ак-Бел» муниципалдык ишканасынын жетекчиси Шеримбаев Нурбек Шабданбекович техникалардын жардамы менен айыл аймактагы чарба иштерин өз убагында жана сапаттуу аткарууга кызмат көрсөтүүгө даяр экендиктерин билдирди.
Буга чейин да айыл өкмөткө жаңы техникалар алынып келинип айыл элине кызмат көрсөтүлүп жаткан, ал техникалардын аркасынан да дагы жаңы техникалар алынып келинип айыл эли үчүн сүйүнүчтүү кабар болду.
И.Мөндүрбаева