Dobolu

Дөбөлү айыл өкмөтүнө жаңы шаймандар келди

17 Январь 2024 жыл 16:46
Көрүүлөрдүн саны: 217

Дөбөлү айыл аймагында суу каптоолорду алдын алууда жана катталган учурда ыкчам аракеттерди кылуу максатында, Дөбөлү айыл өкмөтүнүн өзгөчө кырдаал бөлүмүнө жаңы шаймандар келди.

Бул тууралуу өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнүн адиси Жанарбек Баймурзаев  төмөнкүлөрдү билдирди: «Быйылкы жылдын башында Дөбөлү айыл өкмөтү өзгөчө кырдаал учурунда  керектүү болгон  шаймандар  менен камсыз болду. Нарын райондук өнүктүрүү  фонду тарабынан  долбоор аркылуу 191 000 (жүз токсон бир миң) сом акча каражаты бөлүнүп, төмөнкү шаймандар менен камсыз  болдук: Турак жайларга, чарбалык курулуштарга  кирген кыян  сууларды коопсуз жерге сордуруу үчүн  мотопомпа, электр жарыгы өчкөн кезде электр ток чыгаргыч (движок генератор), жарым автомат сварка жана бензопила, болгарка  шаймандары келди. Бул шаймандар буюрса жалпы элдин керегине тиет деген ойдомун.»

движок генератор

мотопомпа

жарым автомат сварка

бензопила

Индира Мөндүрбаева