БАЛДАР АРАСЫНДА КЫЛМЫШТУУЛУКТУ, ҮЙ-БҮЛӨЛҮК ЗОРДУК-ЗОМБУЛУКТУ АЛДЫН АЛУУ БОЮНЧА ТҮШҮНДҮРҮҮ ИШТЕРИ ЖҮРГҮЗҮЛДҮ
Нарын райондук мамлекеттик администрациясынын буйругунун негизинде 2024-жылдын 12-апрелинде Дөбөлү айыл аймагына караштуу Кайыңды айылындагы М.Кенжакунов, Эки-Нарын айылындагы М.Мамбетов, Таш-Башат айылындагы Д.Мамбетов, Дөбөлү айылындагы Өмүр Токтосунов атындагы орто мектептеринде балдар арасындагы жана балдарга карата жасалган кылмыштуулукту алдын алуу боюнча түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү.
Профилактикалык иш-чаранын максаты — жашы жете элек балдарга карата жасалган зомбулукту, ырайымсыз мамилени, үй-бүлөлүк зомбулукту, өспүрүмдөрдүн эмгегин пайдаланууну, эрте никеге турууну, адам сатууну, өспүрүмдөр арасындагы рэкетчиликти болтурбоо жана алдын алуу.
Түшүндүрүү иштерине Нарын райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы-акимдин орун басары Жанболотова Эльвира Бегалиевна жана тиешелүү тармактык мекемелердин жетекчилери жана кызматкерлери катышты.

Акимдин орун басары Жанболотова Эльвира Бегалиевна

Таш Башат айылы, мугалимдер

Өмүр Токтосунов мектебинде жолугушуу

Ата-энелер
Индира Мөндүрбаева