Dobolu

Дөбөлү айыл өкмөтүнүн айылдарында видеобайкоо камералары орнотулду

6 Август 2025 жыл 16:11
Көрүүлөрдүн саны: 61

2025-жылдын 6-августунда Дөбөлү айыл аймагында коомдук тартипти жана коопсуздукту камсыз кылуу, ошондой эле кылмыштуулуктун алдын алуу максатында атайын жергиликтүү бюджеттен 165 миң сом бөлүнүп, Кеңеш, Дөбөлү жана Таш-Башат айылдарына видео байкоо камералары орнотулду.

Бул кадам айыл тургундарынын коопсуздугун камсыздоого жана коомдук тартипти көзөмөлдөөгө чоң салым кошот.

 

Иш-чара айыл өкмөттүн демилгеси менен, жергиликтүү бюджеттин эсебинен ишке ашырылды.

Санариптештирүү заманында адам жашоосунун ар кандай кырдаалында заманбап жашоонун зарылчылыгынын айкын далили катары видеобайкоо тутумдарынын бардык жерде колдонулушу болуп саналат.

Анткени видио көзөмөлдөө функциясы, коомдук коопсуздукту камсыздоо жагынан кырдаалды дайыма оң жагына өзгөртө алат.

Видеобайкоо камералары көптөгөн көйгөйлөрдү чечүүгө жана кырдаалды көзөмөлдөөгө мүмкүндүк берет.

Бул камера Нарын облусттук ички иштер башкармалыгы тарабынан башкарылып, көзөмөлдөнөт.

 

И.Мөндүрбаева