Нарын районуна караштуу Дөбөлү айыл өкмөтүндө 10 000 000 сомго Ростельмаш Nova 340 үлгүсүндөгү дан комбайны алынды.
Бул кобмайн, Дөбөлү айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн бюджетине Кыргыз Республикасынын Президентинин 2023-жылдын 3-апрелиндеги №85 Жарлыгынын 4-пунктуна ылайык максаттуу трансферге түшкөн 10 000 000 (он миллион) сом акча каражатына, айыл чарба техникаларын алуу үчүн, Дөбөлү айыл аймагынын айылдык кеңешинин депутаттарынын жана жергиликтүү тургундарынын чечимине ылайык алынган.
Дөбөлү айыл өкмөтүнө жаңы комбайн келди.

Nova 340 үлгүсүндөгү дан комбайны

Дөбөлү айыл өкмөтүнүн кызматкерлери
Индира Мөндүрбаева