Дөбөлү айыл өкмөтү ыйык Рамазан айынын урматына айыл аймактагы элдер үчүн ооз ачтыруу уюштурду.
Иш-чарага жергиликтүү тургундар, аксакалдар жана айыл жетекчилери катышты. Ооз ачтырууда көп сандаган конокторго даамдуу тамак-аш тартууланып, Рамазан айынын мааниси тууралуу насаат айтылды.

Дөбөлү айыл өкмөтүнүн башчысы Кудайбергенов Камчыбек Кадыркулович

Ооз ачыруу учуру

Айыл өкмөтүнүн өкүлдөрү бул сыяктуу иш-чаралар мындан ары да уланаарын белгилеп, ынтымакты, биримдикти бекемдөөгө салым кошорун билдиришти. Тургундар уюштуруучуларга ыраазычылыктарын билдирип, берекелүү Рамазан айында жакшылыктар көп болуусун тилешти.