Dobolu

Баарыбыз үчүн тең мүмкүнчүлүк

29 Ноябрь 2025 жыл 13:37
Көрүүлөрдүн саны: 20

 Дөбөлү айылынын 11- классынын окуучусу Токтобеков Уларбек “Баарыбыз үчүн тең мүмкүнчүлүк » аттуу кароо сынакка катышып келди.

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 10-апрелиндеги №237 токтомуна ылайык, 3-декабрь – Эл аралык майыптар күнүнө карата мүмкүнчүлүгү чектелген адамдарга көңүл буруу, кайрымдуулук жана колдоо көрсөтүү максатында  “Баарыбыз үчүн тең мүмкүнчүлүк” аттуу иш чара 29- ноябрда өткөрүлдү . 15- ноябрдан 15- декабрга чейинки аралыктагы бир айлык акциянын алкагында, Муса Баетов атындагы райондук маданият үйүнүн кызматкерлери тарабынан 14 жаштан 35 жашка чейинки ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген жарандар катышышты.

 

Кароо-сынак төмөнкү номинациялар боюнча өткөрүлдү:

1. “Ыр өмүрдүн шаттыгы” – эстрадалык же салттуу багыттагы ырлар;

2. “Өнөрүң болсо, өргө чап”– чыгармачылык өнөр көрсөтүү;

3. “Кол өнөрчүлүк жана сүрөт” – кол менен жасалган чыгармачыл эмгектер.

Иш-чара Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги тарабынан колдоого алынган.

Иш-чаранын жүрүшүндө 11- класстын окуучусу  конкурска катышып эстрадалык номерде ыр аткарып 8000 сом  өлчөмдө акча жана грамота менен сыйланды.

Катышуучулардын аракеттери жана чыгармачылыгы калыстар тобу тарабынан жогору бааланды.

 

А. Алымкулова