4- январь күнү Нарын районуна караштуу Дөбөлү айыл өкмөтүнүн Алыш айылында «Босток уулу Белек» атындагы жаңы мечиттин ачылышы болду
Алыш айылынын айыл башчысы Нуркалиев Мырзабек Нуркалиевичтен маек алдык: «Бул мечит «Итар» (ETHAR) коомдук кайрымдуулук фонду тарабынан жалпы наркы 5 858 870 сомго салынды. Мечиттин ичи бардык шарттары менен салынган. Айыл элине жаңы мечиттин ачылышы чоң кубаныч тартуулады десем жаңылышпайм. Мечит бул кудайдын үйү деп айтылат эмеспи. Ошондуктан мечитке көбүрөөк каттап, ынтымакта, биримдикте ибадат кылалы. Ушул мечит адамдарды ыймандуулукка , илим- билимге, ынтымакка , адеп- ахлак тарбиясына бириктирген имарат болсун. Жалпы өзүмдүн атыман, Алыш айылынын атынан ушул мечиттин салынышына салым кошкон бардык жарандарга , демөөрчүлүк кылган адамдарга ыраазычылык билдирем»,- деп билдирди.
Мечиттин ачылышына «Итар» коомдук кайрымдуулук фондунун жетекчилери, Дөбөлү айыл өкмөтүнүн башчысы Кудайбергенов Камчыбек Кадыркулович, Дөбөлү айыл өкмөтүнүн кызматкерлери, Алыш айылынын тургундары келип катышышты.
Салтанаттуу ачылышта диний курулушка салым кошкон бир катар жарандарга ыраазычылык каттар тапшырылды.
И. Мөндүрбаева