Dobolu

Дөбөлү айыл өкмөтүндө Аталар күнү бегиленди

14 Март 2025 жыл 16:50
Көрүүлөрдүн саны: 12

Кыргызстанда 15-мартта — Аталар күнү белгиленет.

Бул майрам- кыргыз элинин улуттук баалуулуктарын даңазалоого, үй-бүлөлүк ынтымакты бекемдөөгө жана аталарга болгон урмат-сыйды арттырууга багытталган.

Бүгүн 14- март күнү Кыргыз Республикасынын «Аталар күнүн жана энелер күнүн белгилөө жөнүндө» КРнын Мыйзамынын алкагында, Нарын райондук мамлекеттик администрациясынын 5.02.2025- жылдагы √01-18/456 тапшырмасынын негизинде Дөбөлү айыл өкмөтүндө, маданият кызматкерлери тарабынан «Ата- нарктын ээси» аттуу салтанаттуу иш-чара өткөрүлдү. Бул иш чарага Дөбөлү, Алыш, Кеңеш айылдарынын тургундары балдары менен ата- бала болуп катышышты.

Атасына жазган катын окуп берүү учуру

Дөбөлү айыл өкмөтүнүн жооптуу катчысы Касымова Ж.

Суроо- жооп

Суроо- жооп

Музыкалык чыгарма аткаруу учуру

Дөбөлү айылынан Казиев Райымбек, уулу Райымбеков Ислам

Алыш айылынын Кенжебеков Мамбет, уулу Мамбетов Кыялбек

Кеңеш айылынан Молдоакматов Бекбол, уулу Жумакадыров Элаким

Иш чара 3 бөлүктөн турду:

1.Ата менен баланын маеги

2.Атасына баласы жазган катын окуп берүү

3.Суроо- жооп

 

Иш чарада музыкалык чыгармалар аткарылып, көркөм окуулар айтылып, слайд көрсөтүлүп, андан сырткары катышуучуларга чакан белектер тапшырылды.

Иш чаранын соңу

Дөбөлү айыл өкмөтүнүн маданият кызматкери Назарова Г.

 

✍️А.Алымкулова