Кыргыз Республикасынын Президентинин 2024- жылдын 26- июнундагы #145 «Аталар жана энелер күнүн белгилөө жөнүндө» мыйзамынын 3- беренесин аткарууга алуу жана үй бүлө институтун бекемдөө максатында 5-6-класстын окуучулары жана ата- энелери менен биргеликте «Үлгүлүү ата жана апа балдардын көз карашы менен» аттуу спорттук иш чара өткөрүлдү.
Спорттук иш чарага жалпы 5- 6- класстан жалпы 10 ата- эне катышты.
Иш чарада окуучулар ата- энелери менен биргеликте программа боюнча саламдашуу, дубал газета, команданын атын жактоо, флешмоб, кызыктуу спорттук оюндарды көрсөтүштү.
Ата- энелер, окуучулар активдүү катышып беришти.

«Күн нуру» командасы

Дөңгөлөктүн ичинде жарышуу оюну

«Сөз табуу» оюну

Жюрилер

Командалар

«Бийиктик» командасы

6- класстын ата- эне, окуучулары

5- класстын окуучулары, ата- энелери

Сүрөт тартуу оюну

Аркан тартыш оюну

Жыйынтыгында 6- класстын ата- энелери, окуучуларынын «Бийиктик» командасы 1- орунга , 5-класстын ата- эне, окуучулары менен түзүлгөн «Күн нуру» командасы 2- орунга ээ болуп кызыктыруучу сыйлыктар , грамота менен сыйланып жана ата- энелерге ыраазычылык каттар тапшырылды.
А.Алымкулова