Dobolu

5- октябрь кырсыктардын тобокелдигин азайтуу күнүнө карата иш чара өтүлдү

1 Октябрь 2024 жыл 21:18
Көрүүлөрдүн саны: 10

Өмүр Токтосунов атындагы орто мектебинде “5-октябрь–Кыргыз Республикасында табигый кырсыктардын тобокелин азайтуу күнүнө” карата жарыяланган бир айлыктын алкагында, атайын иш чара өткөрүлдү.

Иш чаранын негизги максаты, жарандардын өзгөчө кырдаалдар учурундагы жүрүм-турум эрежелерине үйрөтүү, техногендик жана табигый кырсыктардан сактоо, ошондой эле, окуучулардын жарандык коргонуу жаатындагы аң сезимин жогорулатуу болду.

 

Конкурска 9-«а», 9-«б»-классынан түзулгөн «Өзгөчө» жана «Алга куткаруучу» командалары катышты.

Конкурстун программасы:

1.Үй тапшырмасы (Саптык кароо, саламдашуу, команданын атын, плакатын, эмблемасын жактоо)

2. Өзгөчө кырдаал учурунда жарандардын өзүн алып жүрүү эрежелерин эстафета оюнунда командалар шамдагайлыктарын көрсөтүштү

3. Биринчи медициналык жардам көрсөтүү

4. Капитан командалардын суроолорго жооп берүүсү

 

Алия Алымкулова