Dobolu

Дөбөлү айыл өкмөтү 31- август эгемендүүлүк күнүн майрамдашты

31 Август 2024 жыл 12:51
Көрүүлөрдүн саны: 19

Бүгүн 31- август күнү Нарын районуна караштуу Дөбөлү айыл өкмөтүндө Кыргыз Республикасынын эгемендүүлүгүнүн 33 жылдык жана Кыргыз автономиялуу облусунун 100 жылдыгына карата иш чара  өтүлдү.

Бул күндөр улуттук тарыхыбыздагы өзгөчө орунду ээлеп, кыргыз элинин эркиндикке жана улуттук өз алдынчалыкка болгон умтулуусун тастыктайт.

Кыргыз автономиялуу облусунун түзүлүшү  менен кыргыз элинин өз тагдырын өзү аныктоо жолундагы алгачкы маанилүү кадамы болгон. Бул окуя мамлекеттүүлүктүн пайдубалын түптөп, кыргыз улутунун биримдигинин символу катары жаңы доордун башталышы болуп калды.

 

Эгемендүүлүк – бул биздин улутубуздун эркиндикке болгон умтулуусунун жемиши, өзүбүздүн жолубузду аныктап, мамлекетибиздин тагдырын өз колубузга алган күн. Бул 33 жыл ичинде өлкөбүз бир топ сыноолордон өтүп, өнүгүүнүн жаңы баскычтарына кадам таштады. Ар бир жараныбыздын талыкпаган эмгеги менен Кыргызстан өнүгүү жолунда бекем туруп, келечекке ишенимдүү кадам таштоодо.

Парад учуру

Дөбөлү айыл өкмөтүнүн кызматкерлери

Дөбөлү айыл өкмөтүнүн башчысы Кудайбергенов Камчыбек Кадыркулович куттуктоо айтуу учуру

Концерттик иш чара учуру

Дөбөлү айыл өкмөтүнүн кызматкерлери

Бүгүнкү күндө ар бирибиздин жүрөгүбүздө сыймык, урмат жана үмүт артып, биргеликте күчтүү жана гүлдөп өнүккөн Кыргызстанды түзүү милдетибиз бар. Өткөн тарыхыбызды эстен чыгарбастан, жаркын келечекке ишенимдүү кадам таштап, эртеңки күнүбүздү жаркын кылууга Эгемендүүлүк күнүнө карата Дөбөлү айыл аймагынын айыл өкмөтүндө парад өтүлдү. Ага айыл өкмөтүнүн аппарат кызматкерлери маданият кызматкерлери, Ак-Бел муниципалдык ишканасынын кызматкерлери, айыл башчылар, мекеме жетекчилери катышышты. Аягында чакан концерттик программа менен аяктады.

 

 

Келдибек кызы Жайна