Бүгүн Дөбөлү айыл өкмөтүндө 2- апрель- Эл аралык балдар китептеринин күнүнө карата театралдаштырылган иш чара өткөрүлдү.
Дөбөлү айылдык Чыңгыз Айтматов китепканасынын башчысы Сатарова Тынара, Дөбөлү айылдык маданият үйүнүн башчысы Назарова Гулгаакы, Өмүр Токтосунов атындагы орто мектебин китепканачысы Таалайбекова Айпери , мектеп окуучулары менен биргеликте «Тамсилдер дүйнөсүнө саякат» аттуу адабий иш чара өтүштү.

Иш чаранын соңунда
2-апрель — Эл аралык балдар китептеринин күнү. Бул күндү белгилөө жөрөлгөсү балдар адабияты боюнча эл аралык кеңештин 1967-жылдын 2-апрель күнкү чечимине ылайык жасалып келет. Эл аралык кеңеш балдар адабиятынын белгиленүү саамалыгын Ханс Христиан Андерсендин туулган күнүнүн урматына ыроологон.



Китептер көргөзмөсү
Иш чарада окуучулар көркөм окуу, тамсилдерди айтышты. «Мактанчаак корооз» тамсилине куурчак театрын коюшуп, кыргыз бийин бийлеп, ырларды ырдашты.

8-классынын окуучусу Адылбекова Аделя «Таш бака» тамсили

9-классынын окуучусу Кожобаева Жибек «Карышкыр мененТүлкү» тамсили

Эрмекова Аэлита 9-классынын окуучусу

9-классынын окуучусу Конокбаев Нурбек

2-классынын окуучулары Эрмеков Алинур жана Турдалиева Айдина»Кумурска менен ийнелик» тамсили.
Ошондой эле класстар арасында тамсилдерге карата сүрөт конкурсу уюштурулуп, жеңүүчүлөргө кызыктыруучу сыйлыктар тапшырылды.

Сүрөт тартуу конкурсу
Индира Мөндүрбаева