2026-жылдын 25–30-июнь күндөрү Түркия мамлекетинин Көгүлтүр Ысык-Көлдө өткөрүлгөн «Дүйнө элдеринин достугу – 2026» аттуу эл аралык кароо-сынагы болуп өттү
2026-жылдын 25–30-июнь күндөрү Түркия мамлекетинин Көгүлтүр Ысык-Көлдө өткөрүлгөн «Дүйнө элдеринин достугу – 2026» аттуу эл аралык кароо-сынагында Нарын районунун Кайыңды айылындагы Марат Кенжакунов атындагы жалпы билим берүү мектебинин 5-классынын окуучусу Эркинбек кызы Айнура вокал жанры боюнча өнөрүн жогорку деңгээлде көрсөтүп, Баш байгеге (Гран-при) ээ болду.
Бул чоң жетишкендик – жаш таланттын тынымсыз эмгегинин, чыгармачылыкка болгон сүйүүсүнүн, ошондой эле жетекчилеринин жана ата-энесинин колдоосунун жыйынтыгы болуп саналат.
Мектеп жамааты Эркинбек кызы Айнураны эл аралык деңгээлдеги ийгилиги менен чын жүрөктөн куттуктап, мындан аркы чыгармачылык жолуна дагы да чоң ийгиликтерди, жаңы жеңиштерди жана бийик максаттарды багындыруусун каалайт.
