2026-жылдын 12-февраль күнү Нарын районун Таш- Башат айылында жайгашкан М. Кѳлбаев атындагы спорт комплексинде Нарын РИИБ жана мектептер менен биргеликте “Мыйзам тартипти сактайт, спорт тартипке үйрѳтѳт” аттуу спорттук мелдеш өткөрүлдү
Спорттук иш чара төмөнкү жобо боюнча ѳткѳрүлдү:
Мелдешти ѳткѳрүүнүн максаты:
1. Жашы жете электер арасында кылмыштуулукту, рэкетчиликти алдын алуу
2. Спрот оюндарын ойноо аркылуу ѳспүрүмдѳрдү дени сак жашоого үндѳѳ
3. Мекемелер жана мектептер аралык байланышты чыңдоо
👉🏻Окуучулардын жаш ѳзгѳчѳлүгү жана алардын саны:
8-9- класстардан 6 окуучу (3 кыз, 3 эркек)
👉🏻Оюндун түрлѳрү:
1. Топту тоскоолдуктардан элеп ѳтүү
2. Топту торчого салуу
3. Скакалка менен секирип жарышуу
4. Обручту белге айлантып, түшүрбѳй барып келүү
5. Бадминтон ракеткасы менен шарды алып жүгүрүү
6. Обручту сүйрѳп, топту элеп барып келүү
7. Таяк менен жарышуу
8. Аркан тартыш
9. Жол коопсуздугу боюнча командалар үчүн тесттик тапшырма боюнча мелдеш болду.
👉🏻Калыстар тобунун курамы: Нарын райондук ички иштер болумунун начальниктин орун басары милициянын подполковниги — Ашырбаев Талант Айбекович,
Милициянын майору- Усубалиев Улан
Нарын РИИБдин жол коопсуздугу боюнча башчысы милиция капитаны — Советов Адилет
Мамбет уулу Дүрбөлөң атындагы жалпы билим берүү мектебинин техкызматкери Токталиев Таалайбек
Мукаш Мамбетов атындагы жалпы билим берүү мектебинин дене тарбия мугалими Курманалиев Өмүрбек
Мамбет уулу Дүрбөлөң атындагы жалпы билим берүү мектебинин «Ак шумкар», Мукаш Мамбетов атындагы атындагы жалпы билим берүү мектебинин «Намыс», Марат Кенжакунов атындагы жалпы билим берүү мектебинин «Мурас» командалары катышты.
👉🏻Жыйынтыгында «Ак шумкар» командасы 1- орун, «Намыс» командасы 2- орун, «Мурас» командасы 3- орунду камсыз кылышты. Катышкан командаларга Нарын райондук ички иштер бѳлүмүнүн атайын грамоталары жана кызыктыруучу белектер тапшырылды.
Ал эми мелдешти уюштурууга кѳмѳктѳшкѳн Мамбет уулу Дүрбѳлѳң атындагы жалпы билим берүү мектебинин директору Н. Шалдырбековго жана дене тарбия сабагынын мугалими М. Курманалиевге Нарын РИИБдин АРДАК ГРАМОТАСЫ тапшырылды.

Чечебаева Забира