Dobolu

Дөбөлү коктусундагы таза суу кышкысын тоңбой калды

27 Январь 2026 жыл 19:10
Көрүүлөрдүн саны: 7

Дөбөлү коктусундагы таза суунун башы кеч күздө жазалып, оңдоо иштери жүргүзүлүп, кышкысын суунун башы тоңбой , суу көйгөйү чечилди

 

1️⃣ Саламатсызбы, өзүңүз жөнүндө кыскача тааныштырып өтсөңүз?
Саламатчылык, менин атым Уланбеков Жолдошбек. Мен Нарын облусунун Нарын районуна караштуу Дөбөлү айылында айыл башчы болуп иштейм.
2️⃣ Таза суу канча сомго жазалды?
Суунун башы 2 551 309 сомго жазалды. 3 км 80 метр аралыкка 90дук труба жаткырылып, Дөбөлү айылы үчүн жаңы кошумча трасса тартылды. Башкы каптаж сууну башында сайдан алынган жери менен кошо жазалды 💧
3️⃣ Кайсы компания тарабынан жазалды?
Таза суу «Нур Строй» компаниясы тарабынан жазалды.
4️⃣ Оңдоо иштеринин алкагында кандай жумуштар аткарылды?
Оңдоо иштеринде башкы каптаж мурда тоңуп калып, ар кандай көйгөйлөрдү жаратып келген. Кудай буюрса, быйыл барып карап келдик — тоңгон жок, жакшы жазалган 🤲
5️⃣ Сууну оңдогондон кийин эмне көйгөйлөр чечилди?
Мурда жайында жана кышында эл сууну көп пайдаланган учурда басым аз болуп, кир жуучу машиналар жана башка бытовой техникалар иштебей калчу. Азыр суу тереңдикке жаткырылып, каптаж тоңбогудай кылып жасалды 🚰
6️⃣ Айыл тургундары тарабынан кандай пикирлер айтылууда?
Азырынча сунуш-пикирлер айтыла элек. Бирок оңдоо учурунда айтылган көйгөйлүү жерлер толугу менен жазалды. Ошондой эле Кабак жаңы конушуна кошумча 900 метр аралыкка суу тартылды. Жалпысы 3 км 100 метрдин ичинде аткарылды.
7️⃣ Оңдоодон кийин суу менен камсыз кылууда кандай өзгөрүүлөр байкалды?
Эң биринчиден, калк 100% суу менен камсыз болду, Кабак конушундагы тургундар мурда суу ташып ичишчү. Экинчиден, трубалар жакшы жаткырылып, суу басымы көбөйдү, элге үзгүлтүксүз суу берүү мүмкүнчүлүгү түзүлдү. Үчүнчүдөн, каптаж толук жасалып, суу берүүчү система тоңбогудай абалга келди.

✍️ Курманбаева Айпери