Dobolu

Эки Нарын айылындагы дорпер пародасындагы кой баккан Сакеев Уланбек

19 Январь 2026 жыл 15:32
Көрүүлөрдүн саны: 10

Дөбөлү айыл өкмөтүнө караштуу Эки Нарын айылындагы өзгөчө пародадагы койлор

1. Саламатсызбы, өзүңүз жөнүндө кыскача тааныштырып өтсөңүз?

Саламатчылык, менин атым Сакеев Уланбек Осмоналиевич. Мен Нарын областынын, Нарын районуна караштуу Эки-Нарын айылынын Тогуз-Булак сарайында жашайм. 🏡

2. Эмне үчүн так Дорпер пародасын тандадыңыз? 🐑

Бул Дорпер койлору 1964-жылы түзүлгөн парода. Дорперди тандаганымдын себеби – эт багытында, бою кичирээк болсо да эт көп берет жана салмактуу болот, ошондуктан тандадым. 🥩

3. Дорпер койлорунун негизги артыкчылыктары кайсылар? 🌟

Ысыкка жана суукка чыдамдуу ☀️❄️

Жашыл климатка бат адаптацияланат 🌱

Жүнү кыркып убара болбойт, жазында өзү түлөп түшөт ✂️

Козулары тың, бат чоноёт 👀

6–7 айлык козулары кыргыз койлору сыяктуу эт берет 🍖

4. Бул парода биздин климатка канчалык ылайыктуу? 🌄

Бул пароданы интернеттен карап, ысыкка жана суукка чыдамдуу экенин билдик. Жазында алып келдик, жазгы адаптациядан өттү, жайында жайлоого чыкты жана жайлоого да бат көнүп кетти. Күзгү адаптациядан өттү, эми кышкы адаптациядан өтүп жакшы натыйжа көрөбүз деген ойдобуз. ❄️

5.  Күнүмдүк азыктандыруу кандай болот? 🥬

Эртең менен: 1 пресс чөп 🌿

Түштө: дагы 1 пресс чөп 🍀

Кечкисин: 2 пресс чөп 🌱

Арпа: эртең менен 20 кг, кечинде дагы 20 кг 🌾

40 баш Дорпер койлордун күнүмдүк рациону ушундай 🐏

6. Ооруларга туруштук бериши кандай? 💉

Дорпер койлору биздин кыргыз койлорго караганда туруктуу жана ооруларга чыдамдуу. Кээде 1–2 сыйрадан ооруп чыгышат, бирок жергиликтүү даарылар менен оңой эле дарыланат.

7. Бир кой орто эсеп менен канча салмакка чыгат? ⚖️

Ургаачы койлору: 110–120 кг 💪

Кочкорлору: 210–220 кг 🐏

8. Жаңы баштагандарга кандай кеңеш берет элеңиз? 💡

Жаңы баштагандарга кеңешим: санга эмес, сапатка көңүл буруңуз. Дорпер болобу, Арашан болобу – эт багытындагы пайдалуу жактарын карап, интернеттен багышын изилдеп, туура багып байкасаңыздар болот. 🌱

 

 

✍️Айпери Курманбаева