Dobolu

«Китептеги сыйкыр» – балдар үчүн керемет майрам!

8 Январь 2026 жыл 19:32
Көрүүлөрдүн саны: 9

📚✨8-январда Кышкы эс алуу учуруна карата Дөбөлү, Алыш жана Кеңеш айылдык китепканаларынын китепканачылары тарабынан балдар үчүн «Китептеги сыйкыр» аттуу кызыктуу жана таасирдүү иш-чара өткөрүлдү.

Иш-чарага Президенттин Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгүнүн орун басары Иманалиева Айдана Керимбековна, Нарын райондук мамлекеттик администрациясынын орун басары Жанболотова Эльвира Бегалиевна, Нарын райондук маданият бөлүмүнүн башчысы Нууева Жумагүл Сапарбековна, Нарын райондук борборлоштурулган китепкананын директору Аалиева Назгүл, Дөбөлү айыл өкмөтүнүн орун басар-жооптуу катчысы Касымова Жайна, Ө. Токтосунов атындагы орто мектебинин директорунун орун басары Мөндүрбаева Индира, ошондой эле мектеп окуучулары катышты.

📖 Иш-чаранын жүрүшүндө Нарын райондук мамлекеттик администрациясынын акиминин орун басары Эльвира Бегалиевна балдарга жомок окуп берип, алардын китепке болгон кызыгуусун арттырды.

🧩 Табышмактар айтылып, ✂️ оригами жасоо боюнча мастер-класс өткөрүлдү.

❄️ Кышкы коопсуздук эрежелери түшүндүрүлүп, 🎯 кызыктуу оюндар уюштурулду.

🎬 Балдарга мультфильм көрсөтүлүп, 🎁 китепканачылар тарабынан белектер жана таттуулар таратылды.

📚 Ошондой эле «Кереметке толгон жомоктор» аталышындагы китеп көргөзмө уюштурулуп, кичинекей окурмандар жомок дүйнөсүнө саякат жасашты.

Бул иш-чара балдардын кышкы эс алуусун мазмундуу өткөрүүгө, китепке болгон сүйүүсүн арттырууга чоң салым кошту. 💙



 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

И. Мөндүрбаева