Dobolu

Дөбөлү айыл өкмөтүндө » Кыш керемети» аттуу спорттук оюн-зоок иш чарасы өткөрүлдү

5 Январь 2026 жыл 9:54
Көрүүлөрдүн саны: 17

Дөбөлү айыл өкмөтүндө 4- январь 2026- жылы кышкы каникулга карата Дөбөлү айыл өкмөтүнүн өрөөнүнүн маданият кызматкерлери тарабынан “Кыш керемети” аттуу спорттук оюн-зоок мелдеши уюштурулду.

Иш-чарага мекеме жетекчилери, жергиликтүү тургундар активдүү катышып, кышкы эс алууну кызыктуу жана шаңдуу маанайда өткөрүштү. Ар кандай спорттук оюндар, достук атаандаштык жана жагымдуу атмосфера катышуучуларга унутулгус таасир калтырды.

Мелдештин соңунда бардык катышуучуларга белектер тапшырылып, уюштуруучуларга жана катышуучуларга ыраазычылык билдирилди.