Dobolu

Улуттук дем — ден соолукка жол

29 Декабрь 2025 жыл 20:56
Көрүүлөрдүн саны: 23

Дөбөлү айыл өкмөтүндө , “Улуттук дем — ден соолукка жол” иш-чарасы улуу муун үчүн өткөрүлдү

Жакында эле *Социалдык эмгекти коргоо жана миграция министрлиги* тарабынан жарыяланган долбоордун алкагында *»Небере» коомдук бирикмеси* тарабынан өзгөчө иш-чара уюштурулду. Бул демилге облустук жетекчиликтин сунушу менен колго алынып, ийгиликтүү ишке ашты ✅

 

Иш-чарага 50 жаштан 76 жашка чейинки *30дан ашуун апалар, эжелер* катышты.

Темасы: *“Улуттук дем — ден соолукка жол”

Максаты — улгайган адамдарга бакыбат жашоо тартуулоо жана кам көрүү.

 

📱 *Эң өзгөчө учурлардын бири —* катышуучулар *санариптик сабаттуулук боюнча кеңеш* алышып, жасалма интеллект аркылуу *жашарган сүрөттөрүн* чыгарышты. Өздөрүн жаш бойдон көрүп, аябай кубанышты! 🥰

 

💬 Катышуучулар: *“Жакты, дагы болсо жакшы болмок”* деп, ыраазычылыгын билдиришти. Алар үчүн бул иш-чара жаңы маалымат, дем-күч жана көңүл көтөрүү болду.

 

📌 Иш-чара учурунда өзгөчө кыйынчылыктар катталган жок.

✅ Жетекчилердин айтымында, мындай иш-чаралар келечекте да уланат.

 

Уюштуруучулардын кайрылуусу:»Улуу муундагы жарандарыбызга кам көрүү — коомдун парзы. Алар да эс алып, туура тамактанып, ден соолугуна көңүл бурушу керек.»

Д.Кубандыкова