Dobolu

Нарын районунун мугалимдер арасында спартакиада болуп өттү

28 Сентябрь 2025 жыл 18:58
Көрүүлөрдүн саны: 21

2025-жылдын 27-сентябрында Нарын районундагы Асанбек Табалдиев атындагы ЖББМ «Мугалимдер күнүнө» карата райондук спартакиада болуп өттү.

Спартакиадага Дөбөлү өрөөнүндөгү Марат Кенжакунов, Мамбет уулу Дүрбөлөң, Казалы Абиров, Өмүр Токтосунов, Мукаш Мамбетов атындагы ЖББМнин өрөөндүк спартакиадада алдыңкы орундарды багындырган жеңүүчүлөр барып катышып, күч сынашып кайтышты.

Жыйынтыгында Дөбөлү өрөөнүнөн барган эжеке агайлар бир катар байгелүү орундарды багындырып, жогорку упай топтой алышты.

 

✅ АРКАН ТАРТЫШ оюну боюнча

🏃Агайлар курама командасы 1-орун

 

 

💃Эжелер 2-орун Марат Кенжакунов атындагы ЖББМнин эжелер командасы;

 

 

✅КОЛ КҮРӨШ оюну боюнча

Эжелер 3-орун , Марат Кенжакунов атындагыЖББМнин математика мугалими Жумакунова Салтанат ;

 

 

✅ ШАХМАТ оюну боюнча

Эжелер 1-орун Мамбет уулу Дүрбөлөң атындагы ЖББМнин орус тили жана адабияты мугалими Мусабекова Гүлмира,

Агайлар 3-орун Өмүр Токтосунов атындагы ЖББМнин көркөм өнөр мугалими Курманбек уулу Жолдошбек;

✅ТОГУЗ КОРГООЛ оюну боюнча

Агайлар 2-орун Өмүр Токтосунов атындагы ЖББМнин көркөм өнөр мугалими Курманбек уулу Жолдошбек ,

Эжелер 3-орун Марат Кенжакунов атындагы ЖББМнин физика мугалими Макилова Бүбүкан ;

 

✅ТЕННИС оюну боюнча 🎾🎾🎾

2-орун Марат Кенжакунов атындагы ЖББМнин башталгыч классынын мугалими Дүйшөнбек кызы Саламат ;

 

 

✅ ФУТБОЛ оюну боюнча

2-орун агайлар курама командасы ;

 

 

✅ ВОЛЕЙБОЛ оюну боюнча

1-орун агайлар курама командасы,

3- орун эжелер Марат Кенжакунов атындагы ЖББМнин эжелер командасы ;

Жогорудагыдай көрсөткүчтүн негизинде жалпы эсеп боюнча 6 өрөөндүн ичинен Дөбөлү өрөөнү 81 упай топтоп 1-орунга ээ болуп,кубок,диплом жана акчалай сыйлыктарга ээ болду

Ал эми 2-орунду 8-Март өрөөнү,

3-орунду Чет Нура өрөөнү камсыз кылды.

Жеңүүчүлөргө диплом жана акчалай сыйлыктар тапшырылды

 

Б. Макилова